Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:24

Министрлик "учак менен коронавирусту чачып жатат" деген кабарларды төгүндөдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги социалдык тармактын кыргыз сегментинде, WhatsApp чаттарда таркап жаткан "өлкөдө инфекцияны учак менен абага чачып жатат" деген кабарларды төгүндөдү.

"Күндүн ультракызгылт нурлары вирусту өлтүрөт, ушундан улам коронавирус инфекциясын чачып жатышат деген кабар жалган. Вирус жуккан адам өзүнөн бир метр аралыктагы кишиге чүчкүрсө, жөтөлсө аба аркылуу жугат. Бөлмөнү желдетпөө, тазалыкты сактабоо да вирустун көбөйүшүн шарттайт", - деп билдирди министрлик.

Расмий маалыматка ылайык, соңку бир күндүн ичинде коронавирус 586 адамга жугуп, бир бейтап каза болду. Өлкөдө бул оору жуккандардын расмий катталган саны 188 206га жетип, 28 267 адам көз жумду.

12-январда Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө вирустун "омикрон" штаммын жуктургандар катталганын жарыялаган. Соңку бир күн ичинде вирус дагы 586 ​адамдан табылды. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG