Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:49

БУУ ачарчылык менен күрөшүү үчүн Ооганстанга жардамды көбөйтүүгө чакырды


Ооганстандагы балдардын тамак жеп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.
Ооганстандагы балдардын тамак жеп жаткан учуру. Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш Ооганстандын убактылуу тоңдурулган валюталык резервдерин кайра иштетүүгө уруксат берип, Кабулга эл аралык финансылык жардам берүүгө чакырды. Ал мунун себебин Ооганстанда гуманитардык каатчылык тереңдеп, ачарчылык күчөп жатканы менен түшүндүрдү.

“Мамлекеттик сектордун кызматкерлерине маянага төлөгөнгө жана медицина, билим берүү жана башка маанилүү кызмат көрсөтүү боюнча ооган мекемелерине жардам берүү үчүн эл аралык каржылоого уруксат берилиши керек”,-деди Гутерриш 13-январда Нью-Йоркто журналисттерге.

Өлкөнү "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган) кыймылы башкарганга чейин эл аралык коомчулук берип жаткан жардам Ооганстандын ички дүң өндүрүмүнүн 40%ын жана бюджетинин 80%ын түзүп келген. Талибдер Кабулду басып алгандан кийин сырттан колдоо токтогон. Ооганстандын борбордук банкынын сырттагы резервдериндеги 9,5 млрд. долларлык каражатын пайдаланууга чектөө коюлуп, бекитилген эле. Ал каражаттар негизинен АКШда жайгашкан.

“Ооганстандын Борбордук банкынын функциясы мурдагыдай калыпка келиши керек жана ага жардам кылышыбыз шарт. Ошондой эле ооган валюталык резервдерин бошотушубуз керек. Биз азыр алардын экономикасы мындан да жаман нерселерге, миллиондогон адамдарды жакырчылыкка жана ачарчылыкка алып келүүсүн алдын алып калуу үчүн көп жардам кылышыбыз керек”, - деди Антониу Гутерриш.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы 2020-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда.

Андан кийин өлкөнү жутчулук каптады. БУУ 39 млн. калкы бар Ооганстандын 23 миллионго чукулу ачарчылыкка дуушар болушу мүмкүн экенин эскерткен. Тамак-аш жетишсиздигенен жарандар, көбүнчө балдар чарчап калып жатканы тууралуу маалыматтар бар. Жашоочулар тамак үчүн балдарын сатып жатканы айтылып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG