Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

COVID-19: Дагы бир адам каза болду, 607 бейтап жаңы катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 15-январдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан бир адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2828 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 607 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (404 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 188 813 адамга жетти.

12-январда Кыргызстанда оору көбөйгөнү, коронавирустун "омикрон" штаммы катталганы, өлкөдө COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы жана Бишкек "кызыл зонага" киргени расмий айтылды.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

XS
SM
MD
LG