Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:49

Алматы окуясынан кийин кармалган кыргыз жараны дайынсыз болууда


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигине кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков боюнча нота жөнөтүлгөнүн 15-январда “Азаттык” радиосуна Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов билдирди.

Анын айтымында, азырынча ал тууралуу так маалымат жок болууда:

“Таксисттин айтуусуна караганда, ал жигит Алматы-Бишкек жолунда кетип баратканда кармалган. Ошол маалымат боюнча азыр ал кай жерде экенин издеп жатабыз”.

Эмерек орнотуучу болуп Алматыга барып-келип иштеп жүргөн 46 жаштагы Сыдыковду казак күч кызматкерлери Алматыдагы башаламандыкка шектүү катары кармап, Кошмамбет айылы көздөй алып кетишкенин, ошо бойдон дайыны табылбай жатканан анын тааныштары Интернеттеги социалдык түйүндөргө жазып жатышат.

Башкы консулдуктун маалыматына караганда, Казакстандагы соңку окуяларга байланыштуу жалпысынан тогуз кыргызстандык кармалган, “алардын баары чыкты, башка кармалгандар тууралуу маалымат жок”. Каза болгондор экөө. Жалпысынан 300дөй кыргыз жараны Алматыдан Кыргызстанда эвакуацияланды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG