Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:50

Орусияда АКШ берген маалыматтын негизинде ири хакердик топ аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кошмо Штаттар Орусиянын айрым ири америкалык компанияларга чабуул жасаган деп шектелип жаткан хакердик топтун мүчөлөрүн камакка алуу тууралуу чечимин кубаттоо менен кабыл алганын 14-январда Ак үйдө иштеген жогорку кызматкерлердин бири билдирди. Анын айтымында, АКШ ал адамдардын хакерликке тиешеси бар экени аныкталса жоопко тартыларына ишенет.

Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы АКШнын тийиштүү органдарынын кайрылуусунун негизинде REvil хакердик тобунун 14 адамдан турган толук курамы аныкталганын, тинтүүнүн натыйжасында алардан 426 миллион рубль, 600 миң доллар, 500 миң евро, компьютердик техника, криптокапчыктар жана премиум-класстагы 20 автомашина аныкталганын билдирген.

Кармалгандардын айрымдары 14-январда Москванын Тверь сотунун чечими менен эки айга камакка алынганы белгилүү болду.

Шектүүлөрдүн бирөөнүн АКШдагы кара май ташыган Colonial Pipeline ири куур системасына карата жасалган опузалоого тиешеси бар экени айтылууда. Техастан Нью-Жерсиге чейинки бул куурдун иши убактылуу үзгүлтүккө учурап, киберкоопсуздук маселеси эки ай мурда Женевада АКШнын жана Орусиянын президенттери Жо Байден менен Владимир Путиндин сүйлөшүүсүндө талкууланган.

Адистердин айтымында, REvil тобу дүйнөдөгү белгилүү хакердик уюшмалардын бири. Ал ири компанияларга коммерциялык чабуул жасап, маалыматтарын жок кылбоо үчүн каражат талап кылып келген. АКШ аталган топ Орусиянын аймагында иштерин айтып, орус бийлигине кайрылган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG