Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:58

Москвадагы кыргыздар уюму “Борбор Азия достугу” концертин уюштурду


“Борбор Азия элдеринин достугу” концерти. Сүрөт Назира Айтбекованын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
“Борбор Азия элдеринин достугу” концерти. Сүрөт Назира Айтбекованын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Москвада 15-январдын кечинде “Борбор Азия элдеринин достугу” аттуу Жаңы жылдык гала-концерт өттү. Иш-чара өткөн Мамлекеттик Кремль ордосунун расмий сайтындагы маалыматка караганда, концерт Орусиядагы кыргыз диаспорасынын колдоосу менен “өнөктөш өлкөлөрдүн жана бир тууган элдердин ортосундагы жылуу достук мамилени бекемдөө максатында” уюштурулду.

Концертке Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Европа менен Азиянын айрым өлкөлөрүнөн белгилүү эстрада аткаруучулары катышып, өз өнөрүн тартуулады. Хит ырлар, белгилүү элдик чыгармалар жаңырды. Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр, "Шайыр апалар" тобу чыгып, манасчы Дөөлөт Сыдыков “Манас” айтты.

“Борбор Азия элдеринин достугу” концерти. Сүрөт Назира Айтбекованын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.
“Борбор Азия элдеринин достугу” концерти. Сүрөт Назира Айтбекованын "Фейсбуктагы" баракчасынан алынды.

Ардактуу конок катары иш-чарага ишкерлер Жумадыл Эгембердиев, Денис Гайворонский, Чолпонбек Акматов, спорт жылдыздары Акжол Махмудов, Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана башкалар катышты.

Калкы жети миллионго чукулдаган Кыргызстандын бир миллиондон ашуун жараны чет жактарда миграцияда жүрөрү, алардын көбү Орусияда экени, соңку жылдары бул өлкөгө үй-бүлөсү менен кетип жаткандар көбөйгөнү бейрасмий айтылып келет. Тышкы миграция боюнча жаңыланган расмий статистика жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG