Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:18

Аба ырайы: Тоолордо -31 градуска чейин суук болот


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Синоптиктер Кыргызстанда 17-январда аба ырайы кескин өзгөрөрүн эскертти. Гидрометеоборбордун маалыматына караганда, 17-январда күндүз, 18-январда түнкүсүн жана күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар жаайт.

19-январда көпчүлүк аймактарда маал-маалы менен кар жаап, айрым жерлерде батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы төмөндөп, түнкүсүн Чүйдө -9°, Таласта жана Ысык-Көлдө -11°, Нарында -25°, ал эми тоолордо -31° болот.

Мындай шартта автоунаанын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишинде ыңгайсыздык жаралып, жайыттарда мал кармоо кыйындай турганы, тоолуу аймактардагы автожолдордо машиналар ортосундгы аралык 500 метрден кем болбошу керектиги эскертилди.

Быйылкы кыш Кыргызстанда дээрлик карсыз болууда, ал эми соңку күндөрү абанын температурасы жогорулап, түштүк аймактагы облустарда абанын күндүзгү температурасы 17 градуска чейин болгон.(RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG