Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:44

Өзбекстан Казакстан менен чек арасын "омикронго" байланыштуу убактылуу жапканын билдирди


Өзбек-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.
Өзбек-казак чек арасы. Архивдик сүрөт.

Өзбекстан Казакстан менен чек арасын 15-январдан тартып убактылуу жапканын өлкөнүн Тышкы иштер министрлиги билдирип, мындай чара коронавирустун “омикрон” штаммынын жайылышына каршы көрүлүп жатканын белгиледи.

Учак менен каттагандарга, расмий делегациялардын мүчөлөрүнө, айрым кызмат адамдарына жана башка бир катар категориядагыларга мындай чектөө коюлбайт.

Кыргызстан тараптан автожол аркылуу каттагандар да ПЧР анализинин жыйынтыгын көрсөтүшү керек болот.

15-январдан тартып өлкөгө кирип жаткан бардык адамдар ПЧР тестинин жыйынтыгын көрсөтүп, экспресс-антиген тест тапшырууга милдеттүү болот. Транзиттик жүргүнчүлөрдөн тест талап кылынбайт.

Казакстанда соңку төрт күндөн бери коронавирус көрсөткүчү көбөйүүдө. Кечээтен бери 13 миңдей бейтап жаңы катталды, жети адам каза болду.

Өзбекстанда да ооругандар көбөйүп жатат. Соңку бир суткада эки бейтап каза болду, 876 адам жаңы катталды. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG