Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:52

Дача СУдагы каргашага беш жыл толду


Кырсыкта каза болгондор үчүн тургузулган эстеликтин жанында куран окулду. 16-январь, 2022-жыл.
Кырсыкта каза болгондор үчүн тургузулган эстеликтин жанында куран окулду. 16-январь, 2022-жыл.

Бишкектин четинде, "Манас" эл аралык аба майданынын жанындагы Дача СУ конушундагы учак кырсыгына 16-январда туура беш жыл толду. Каргашада 35 жергиликтүү тургун (алардын 17си бала) жана төрт учкуч тең курман болгон.

Бул кырсыкка байланыштуу кылмыш иш козголуп, кийинчерээк токтотулган.

Өткөн айдын башында президенттик аппарат каргашаны иликтөөнүн жыйынтыгы жакынкы күндөрү чыгарыларын билдирген.

Дача СУ кырсыгында каза болгондор үчүн тургузулган эстеликтин жанында 16-январда эртең менен жакындарын жоготкон үй-бүлөлөрдүн туугандары чогулуп, куран окуп эскеришти. Алардын бири Венера Шейшенова каргашада бир жарым, беш жана 20 жаштагы балдарын жоготкон. Анын айтымында, эскерүү иш-чарасына бийлик өкүлдөрү чакырылганы менен келген жок.

Эскерүү иш-чарасынын катышуучулары.
Эскерүү иш-чарасынын катышуучулары.

"Учак эртең мененки саат 7.15те кулаган, ошол учурда эстеликтин жанында куран окуп эскердик. Чоң эскерүү сыяктуу өткөрдүк. Мен өкмөттөн дагы адамдарды чакырдым эле. Козукеев деген адамдын телефонун беришкен. Ал Сокулук районунун акимчилигине тапшырма берген экен. Ал жактан "бара албайбыз" деп коюшту. Биз жыл сайын өзүбүз куран окутабыз. Бүгүнкү куран окутууга түрк компаниянын атынан өкүлдөрү катышты. Өздөрү менен кошо молдо дагы ала келишкен экен. Биз ыраазы болуп калдык. Беш жыл деген аябай чоң мөөнөт экен. Ошол кездеги беш жаштагы балдар онго чыкты, бойго жеткен балдар үйлөнүп, балалуу-чакалуу болду. Биз болсо неберелүү болгонго жетиштик. Жакшылык жагы ушул. Балам "Үч периште" деген фонд ачкан, ошонун алкагында эстеликтин жака-белин тазалап, жашылдандырып, жабыркагандардын башын бириктирип келебиз".

Сокулук районунун акимчилиги эскерүү иш-чарасына катышпаган себеби тууралуу комментарий бере элек.

Каргашанын беш жылдыгына байланыштуу өлкө башчылары үн катып, эскерүү тарата элек.

Мындан туура беш жыл мурун Дача СУга Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак кулап түшкөн. Анда 85 тоннадан ашык жүк болгон. Кырсыктаган учак "Манас" аба майданына экипажын алмаштырып, күйүүчү май куюу үчүн келгени айтылган.


Каргашанын алгачкы күнүнөн тартып эле кырсыктын себеби, учактагы жүктүн ээси, адамдарды куткаруу учурундагы аракеттер боюнча күмөндүү бир топ суроо жаралып, жоопсуз калып келет. Бул окуяга байланыштуу ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин аты аталган жана ал дооматтарды такай четке кагып келген.

"Албетте бул ушак, болгондо да эң жаман ушак. Эгер ошол жерде Атамбаевдердин бир грамм жүгү болсо чыкмак да. Биринчиден, ал түрк учагы болчу. Түркия НАТОнун мүчөсү. Ал кезде түрктөр мага таарынып аткан. Мына бир жылдан бери азыркы бийлик, Жээнбековдор мага каршы бирдеме болсо чукуп чыкмак да", -деген эле Атамбаев кызматтан кеткенден кийинки маектеринин биринде.

2019-жылы ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин мамилеси начарлап турган кезде Дача СУга байланыштуу кылмыш иши жанданып, тергеле баштаган жана ал эмне менен аяктаганы белгисиз бойдон калган.


Кырсыкты мамлекет аралык авиациялык комитет дээрлик үч жыл иликтеп, ал негизинен "учкучтардын катасынын айынан болду" деген корутунду чыгарган.

Транспорт прокуратурасы кылмыш ишин козгону менен көп өтпөй токтотулган. Өкмөттүк жана депутаттык комиссиялардын иликтөөлөрүнүн жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.

Кырсык болгон учурда катардагы калайык, ыктыярчылар каргашада жакынын жоготкондорго, жабыр тарткандарга жабыла жардам көрсөткөн. Миңдеген кыргызстандыктар ошол күндөрү колунан келген жардамын чогулткан. Элден 102 миллион сомдон ашуун акча топтолуп, жабыркагандарга таратылып берилген.

Мындан сырткары түркиялык компания дагы кенемте төлөп берген. Жабыркагандардын суранычы менен кимге канча акча төлөнгөнү купуя сыр бойдон калган.

Дача СУдагы кырсыктан кийин "Манас" аэропортунун айланасындагы калктуу конуштардын маселеси көтөрүлгөн. Бирок аэропорттун аймагына канаатташ конуштар азаймак турсун жайылып баратат.

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев былтыр жыл башында конституциялык реформанын алкагында прокуратурага тергөө укугу бериле турган болсо, анда Дача-СУ каргашасы өндүү кылмыш иштери жыйынтыктала тургандыгын билдирген.

Өткөн айдын башында президенттик аппарат мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Дача СУ жана башка кылмыш иштери боюнча иликтөө уланып жатканын жана алар жыйынтыкталуу алдында турганын кабарлаган. Азырынча анын корутундусу жарыяланып, маалымат бериле элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG