Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

Байден Техаста жарандарды барымтага алган окуяны "теракт" деп атады


Техастагы синагогадагы адамдарды барымтага алуу окуясында тартылган сүрөт.
Техастагы синагогадагы адамдарды барымтага алуу окуясында тартылган сүрөт.

АКШнын президенти Жо Байден Техаста жарандарды барымтага алган окуяны “террордук акт” деп атады. Ал мындай пикирин 16-январда Филадельфиядагы сапары учурунда билдирди.

Байден өлтүрүлгөн кылмышкер Улуу Британиянын жараны экени аныкталганын, учурда АКШнын укук коргоо органдары ал өлкөнүн террорчулукка каршы агенттери менен биргеликте иштеп жатышканын маалымдады.

15-январда АКШнын Техас штатында белгисиз жаран синагогага кирип төрт адамды барымтага алган. Полициянын маалыматына караганда, кылмышкер “Ал-Каида” террордук уюму менен байланышы бар деп шектелип жаткан пакистандык аялды абактан бошотууну талап кылган. Кылмышкер полиция имаратка кирип барган учурда атып өлтүрүлгөн. Барымтадагы төрт киши он сааттан кийин аман куткарылган.

ФБР кол салган киши 44 жаштагы Малик Фейсал Акрам аттуу адам экени, ал Британиянын жараны экени аныкталганын маалымдоодо. Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги анын шериктерин аныктоо боюнча америкалык адистер менен чогуу иштер жүргүзүлүп жатканын ырастады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG