Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:00

Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши кыскарды


Элдик лотерея. Архив.
Элдик лотерея. Архив.

Каржы базарын көзөмөлдөө агенттигинин мурдагы жетекчиси Юруслан Тойчубековго козголгон кылмыш иши мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу кыскартылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Юруслан Тойчубеков 2015-жылы аталган мекемени жетектеп турганда “Элдик лотерея” соода маркасы менен белгилүү болгон “Райдер Ассошиэйтс Лимитедге” мыйзамсыз лицензия берген жана анын айынан мамлекетке 31 млн. сом салык түшпөй калган деп айыпталган. ИИМ ага өлкө ичинде, андан кийин эл аралык издөө жарыялаган.

“Элдик лотерея” соода маркасы менен иштеген "Райдер Ассошиэйтс Лимитед" ишканасы мамлекетке 31 млн. сомду кайтарып берген.

Тойчубеков 2020-жылы Октябрь окуяларынан кийин Кыргызстанга кайтып келген. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG