Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:51

Депутат Адахан Мадумаров сурактан чыга элек


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

Жогорку Кеңештеги "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат.

Мадумаров 17-январда эртең менен суракка барган. Түштөн кийин экинчи жолу киргени белгилүү болду.

Саясатчы 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болгон кезде кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу күбө катары буга чейин да суракка чакырылган.

Ал соңку окуяларды өзүнүн саясий ишмердиги менен байланыштырып, президент Садыр Жапаровдун атын атап келет.

Жапаров "Вечерний Бишкек" басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду "чыккынчылык" деп атады.

Былтыр октябрда Садыр Жапаров коңшу мамлекет менен чек ара чечилбей жатканынын бир катар себептерин атаган. Ага Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча Мадумаров кол койгон протокол "кедергисин тийгизип жатканын" да билдирген.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын дагы бир депутаты Орозайым Нарматова Улуттук коопсуздук комитетине диплому боюнча 14-январда сурак берип чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG