Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Мэрия Бишкектеги мекемелердин тосмолору алынарын билдирди


Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тосмосу алынууда. 14-январь, 2022-жыл.
Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин тосмосу алынууда. 14-январь, 2022-жыл.

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаадагы административдик имараттардын тосмолору алынып жатканын билдирди. Мындай аракеттер борбордун эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу максатында көрүлүп жатканы айтылат.

Мэрия мамлекеттик орган жана мекемелерден өз ыктыярлары менен тосмолорду алууну, жарандардан мыйзамсыз объектилер боюнча социалдык тармактар аркылуу кайрылууну өтүнөт.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык ушул убакытка чейин Бишкек мамлекеттик университетинин, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин, Бишкек автомобил-жол колледжинин, Салык кызматынын тосмолору алынды. (МТа)

XS
SM
MD
LG