Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:05

Зеленский менен Блинкен Украина маселесин талкуулады


Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 19-январь, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский менен АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен. 19-январь, 2022-жыл.

19-январда Киевде АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жолугушуусу өттү.

Мамкатчы анда Вашингтон Москвага түшүнүктүү белги бергенин, эгер Орусия Украинага кол салса, АКШ жана анын Батыштагы өнөктөштөрү ага катуу жооп кыларын маалымдады.

Зеленский менен сүйлөшкөнгө чейин Блинкен Киевде америкалык дипломаттар менен жолуккан. Анда ал Орусия Украинанын аймагына жакын арада басып кириши мүмкүндүгүн эскертип, ошентсе да Москва чыңалууну тынчтык жол менен чечүүгө барарына үмүттөнөрүн айткан.

Мурдараак АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров 21-январда Швейцариянын Женева шаарында жолугары айтылган. Ага чейин Блинкен Улуу Британиянын, Франциянын жана Германиянын өкүлдөрү менен Берлинде төрт тараптуу жолугушууга катышары кеп болгон.

АКШ, Британия, Канада, Франция, Германия баштаган 30дай мамлекет мүчө болгон НАТОго Украинаны кошуу маселеси былтыр жайда каралган. Көп өтпөй, 2021-жылдын күз айларында Батыштын бир катар жалпыга маалымдоо каражаттары чалгынга таянуу менен Украинанын чек арасына жакын Орусиянын аскерлери топтолгонун жазышкан.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыпташкан. Орусия АКШ менен НАТОдон коопсуздук кепилдигин талап кылып, Украина менен чек арага жакын жерде 100 миңдей аскери машыгуу үчүн топтолгонун айткан.

Бул маселеге байланыштуу өткөн аптада Орусия менен Батыш мамлекеттеринин өкүлдөрү Женевада, Брюсселде жана Венада жолугушуу өткөргөн. Ага карабай Орусия Батыштан Украинанын НАТОго кабыл алуудан баш тартуусун талап кылган позициясынан кайткан эмес. Батыш тарап “Украина эгемен өлкө болгондуктан, каалаган уюмга кирүүгө укугу бар экенин” билдирип келет. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG