Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Самат Исабеков кайра Бажы кызматынын төрагасы болду


Самат Исабеков жана Арзыбек Кожошев.
Самат Исабеков жана Арзыбек Кожошев.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун буйругу менен Самат Исабеков кайрадан Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Аны 20-январда Бажы кызматынын жамаатына Министрлер кабинетинин жетекчисинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев тааныштырды.

Самат Исабеков былтыр 7-июнда Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалып, 26-октябрда кайра кызматтан алынган. Аны менен кошо эки орун басары да “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген негизде кызматтан кеткен.

Исабеков 1996-жылдан бери бажы органдарында, ар кандай ыкчам кызматтарда иштеп келет.

2021-жылы 26-октябрда Бажы кызматынын жетекчиси болгон Адилет Кубанычбековду Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) 17-январда коррупцияга айыптап кармады. 19-январда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 17-мартка чейин атайын кызматтын тергөө абагына камакка алды. Ал кызматтан качан алынганы тууралуу расмий маалымат берилген жок. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG