Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:20

Шайлоо: БШК Момбековду талапкер кылып каттоодон баш тартты


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда экс-депутат Рыскелди Момбековду Бишкектин №27 Биринчи май шайлоо округунан депутаттыкка талапкер кылып каттоодон баш тартты.

Мындай сунушту Боршайкомдун документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу берип, аны БШКнын 10 мүчөсү бир добуштан колдоду. Ага Рыскелди Момбековдун диплому жасалма экени тууралуу маалымат негиз болду.

Бул маселе былтыр парламенттик шайлоодо да көтөрүлгөн. Боршайком өткөн жылы Момбековду Социал-демократтар партиясынан талапкер кылып каттап, 24-ноябрда кайра аны жокко чыгарган.

Былтыр Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Рыскелди Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинен жасалма диплом алганы аныкталганын билдирген. Атайын кызмат Момбеков ал жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, экинчи жогорку билимди алганын кабарлаган. Мекеме саясатчынын биринчи жогорку билими жок болгондуктан, экинчи жогорку билим алганы мыйзамсыз экенин билдирген.

Саясатчынын БШКдагы өкүлү 2020-жылы октябрь окуяларында анын парламенттеги кабинетинен дипломатиялык паспорту менен 2003-жылы алган диплому уурдалып кеткенин айткан. Ал бул маалыматты 20-январда да кайталады.

Момбеков былтыр анын талапкерлигин жокко чыгарган Боршайкомдун чечимине каршы Жогорку сотко арызданып, талапкерлигин кайра калыбына келтирген жана былтыр 28-ноябрдагы парламенттик шайлоого катышкан. Ал жасалма диплом тууралуу маалыматтарды четке каккан.

2021-жылдын 28-ноябрындагы шайлоодо №27 Биринчи май округу жана №29 Свердлов округу боюнча “баарына каршы” деген добуштар эң көп болгондуктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. (BTo)

XS
SM
MD
LG