Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:05

УКМК: Рыскелди Момбеков дипломду мыйзамсыз алган


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Социал-демократтар партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Рыскелди Момбеков "экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын" билдирди.

Бул тууралуу УКМКнын Тергөө башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн жетекчиси Бакыт Жаналиев Боршайкомдун 18-ноябрдагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, атайын кызмат 2020-жылдын 5-мартынан бери Момбековго байланыштуу Жазык кодексинин “Документтердин жасалмасы” беренеси менен ишти териштирип жатат.

“Башкы прокуратурага Бакыт Шаршенбиев деген жарандан Жогорку билим тууралуу жасалма дипломду пайдалануу жана мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирүү фактылары боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбековго чара көрүү боюнча арыз түшкөн. Анын арызында депутат жасалма диплом колдонуп жүргөнү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда маалыматтар жарыяланганы жазылган”, - деди Жаналиев.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 1997-жылы сырттан окуу бөлүмүнө студенттерди кабыл алуу жана 2003-жылы сырттан окуу бөлүмүн “Юриспруденция” адистиги боюнча бүтүрүүчүлөрүндө Момбеков көрсөтүлгөн эмес. 2003-жылы №196 каттоо номери Бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча Михаил Стародубовго берилген. Момбековго аталган окуу жайдын диплому берилген эмес.

УКМК Рыскелди Момбеков бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимди алганын билдирди. Мекеме Момбековдун биринчи жогорку билими жок болгондуктан экинчи жогорку билимди ала алмак эмес деп кошумчалады.

Социал-демократтар партиясынын БШКдагы өкүлү былтыр октябрь окуяларында Рыскелди Момбековдун парламенттеги кабинетинен дипломатиялык паспорту менен 2003-жылы алган диплому уурдалып кеткенин айтты. Ал бул окуя боюнча депутат ИИМге кайрылганын билдирди.

Боршайком 18-ноябрда бул маселеге байланыштуу чечим кабыл алган жок. Маселени кийинки отурумунда талапкердин катышуусу менен талкууламай болду.

Рыскелди Момбеков – азыркы Жогорку Кеңештин депутаты. Ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин айыптоосуна азырынча жооп бере элек. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG