Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Социал-демократтар партиясы Момбековдун диплому тууралуу билдирүү таратты


Рыскелди Момбеков.
Рыскелди Момбеков.

Социал-демократтар партиясы депутаттыкка талапкер Рыскелди Момбековдун дипломуна байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) билдирүүсүнө жооп берди.

Партиянын 18-ноябрда тараткан маалыматында атайын кызматтын Рыскелди Момбековдун жогорку билими боюнча дипломун текшерип жатышын оппозициялык депутатка карата бийликтин басымы деп бааланган.

“Ал 2010, 2015, 2020-жылдары депутаттыкка талапкер болгон. Быйыл революция учурунда парламентте кабинеттер талкаланып, анын дипломатиялык паспорту, диплому жана жеке документтери жоголуп кеткендиктен быйыл БШКга дипломунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тапшырган. Момбеков документтери жоголгону тууралуу ИИМге эбак эле арыз жазып, ал Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган”, - деп айтылат маалыматта.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 18-ноябрда Боршайкомдун жыйынында Рыскелди Момбеков "экинчи жогорку билимин биринчи жасалма диплому менен мыйзамсыз алганын" маалымдаган.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө, Момбеков 2003-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин бүткөнү тууралуу жасалма диплом алган. Бул жасалма диплом менен 2011-жылы Дипломатиялык академиянын эл аралык мамилелер факультетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, эки жылдан кийин экинчи жогорку билимге ээ болгон.

Боршайком бул маселени кийинки отурумунда Рыскелди Момбековдун катышуусу менен талкуулай турган болду. Саясатчынын өзү комментарий бере элек.

Рыскелди Момбеков – азыркы Жогорку Кеңештин депутаты. Ал 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоого Социал-демократтар партиясынан талапкер болуп баратат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG