Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:27

ДССУ вакцина албагандарга саякаттоого уруксат берүүнү сунуштады


Аэропорттогу адамдардын сүрөттү. Иллюстрация.
Аэропорттогу адамдардын сүрөттү. Иллюстрация.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) Чукул кырдаалдар боюнча комитети жарандардын эл аралык каттамдарына уруксат берүүнү жана өлкөлөр ортосундагы чектөөлөрдү жеңилдетүүнү сунуштады. Бул тууралуу уюмдун сайтындагы билдирүүдө жарыяланды.

Анда айтылгандай, саякатты чектөө коронавирус менен күрөшүүдө жардам бербей жатат. Буга “омикрон” штаммынын тарап кетиши мисал келтирилген. Ошол эле маалда чектөө көп өлкөлөрдө “экономикалык жана социалдык басымды күчөтүп жатканы” белгиленген.

Чукул кырдаалдар боюнча комитет өлкөлөргө кирүүдө вакцина алууну милдеттүү талап катары карабоону өтүнөт. Мындай кеңеш ар кайсы өлкөлөрдө вакцинанын жеткиликтүүлүгү ар кандай экенине байланыштуу айтылган. ДССУ вакцинациянын ордуна тестирлөөнү жана милдеттүү карантин чарасын киргизүүнү туура көрөт. Уюм ошол эле маалда мындай чаралар жарандарды каржылык жактан кыйнабашы керек деп эсептейт.

Соңку суткада дүйнөдө 4,2 миллион адам коронавирусту жуктурганы аныкталды. Бул бир күн мурункуга салыштырмалуу 400 миңге көп. Пандемия башталгандан бери 400 миллиондой адам вирус жугузган.

Дүйнөдө көп өлкөлөргө баргандан кийин карантинде олтуруу, ПЧР-тесттерди тапшыруу жана өздөрү тааныган вакцинаны алгандыгы тууралуу сертификат талап кылып жатышат. Айрым мамлекеттер талаптарды аткарбагандарды визаларын жокко чыгарып, өлкөдөн кетирет же камакка алат. ДССУнан сунушунан кийин эле Таиланд өлкөгө кирүү чараларын жеңилдетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG