Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:20

Нифадьев: Садыр Жапаров Кыргыз-Орус Славян университетин аяктаган


Кыргыз-Орус Славян университети
Кыргыз-Орус Славян университети

Кыргыз-Орус Славян университети президент Садыр Жапаров аталган окуу жайдын юридикалык факультетин 2006-жылы сырттан окуп бүткөнүн билдирди.

Окуу жайдын ректору Владимир Нифадьев Жапаров дипломдук ишин мыкты жактаганын маалымдады.

"Ал 2006-жылдын 19-майында "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын конституциялык-укуктук макамы" деген темадагы дипломдук ишин "эң жакшы" деген баага жактаган", - деди Нифадьев.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "диплом текшерүү" жараянына байланыштуу президент Садыр Жапаровдун Кыргыз-Орус Славян университетинде чогуу окуган тайпалаштарын издеп жатканын "Твиттерге" жазган.

Президент Садыр Жапаров 1991-жылы Дене тарбия институтун, 2006-жылы Кыргыз-Орус Славян университетин бүтүргөнү айтылып келет.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 24-январдан баштап мамлекеттик мекеме-министрликтерде иштегендердин, Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн, президенттин администрациясынын кызматкерлеринин дипломдору менен жарандыгын текшерип баштайт. Бул текшерүү үч айга созулуп, анын алкагында ушул эле документтер Жогорку Кеңештин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарынан да текшерилет.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 20-январдагы отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечимге ал жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы негиз болду.

Орозайым Нарматова диплом чырын саясий ишмердиги менен байланыштырып жатат. Ал бул иш боюнча УКМКда сурак берип чыккан. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG