Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

АКШ жана БУУ Йемендеги согушту басаңдатууга чакырды


Йемендин Саада шаарында Ашура майрамына арналган митингде хусит кыймылынын жактоочулары жасалма дрон көтөрүп жүрүштү.
Йемендин Саада шаарында Ашура майрамына арналган митингде хусит кыймылынын жактоочулары жасалма дрон көтөрүп жүрүштү.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөрдүн хусит топтору башкарган абак жайына урган соккусунан кеминде 70тей киши өлүп, дагы бир топ киши жараат алгандан кийин 21-январда Йемендеги жаңжалды басаңдатууга чакырды.

"Согуштун күчөшү оор гуманитардык кризисти жана Йемен элинин азап-кайгысын ого бетер күчөтөт", - деп айтылат Блинкендин билдирүүсүндө.

"Ошондуктан Америка Кошмо Штаттары чыр-чатактын бардык тараптарын деэскалацияга, эл аралык гуманитардык укук боюнча милдеттенмелерин сактоого жана БУУ жетектеген тынчтык жараянына толук катышууга чакырат", - деген ал.

Сауд Арабиясы башында турган коалиция хуситтер Бириккен Улуттар Уюмуна жана Эл аралык Кызыл Чырым комитетине бул жерге абадан сокку урууга тыюу салынганын кабарлабаганын билдирди. Коалициянын өкүлү Турки ал-Малки муну “кадимки алдамчы кадам” катары баалады.

Эл аралык Кызыл Чырым комитетинин Йемендеги өкүлү Башир Омардын айтымында, куткаруучулар түндүктөгү Саада шаарындагы убактылуу кармоочу жайда аман калгандарды издөөнү улантышууда.

Save the Children уюму Саададагы тергөө абагында мигранттар кармалып турганын билдирди.

АКШ колдогон Сауд Арабия башындагы коалиция Ходейда портунун айланасына жасалган абадан сокку “кошуундун мүмкүнчүлүктөрүн жок кылуу үчүн” жасалганын мойнуна алды. Коалиция телекоммуникациялык борборду бутага алганын дароо тастыктаган жок, бирок анын ордуна Ходейданы "хуситтерди колдогон аткезчилик борбору" деп атады.

Хуситтер менен күрөшүп жаткан Сауд Арабиясы баштаган коалициялык күчтөр 18-январда Йеменге абадан сокку урган. Хуситтер көзөмөлдөгөн маалымат каражаттары Йемендин борборунда кеминде 20 адам, анын ичинде медиктер жана жайкын тургундар каза болгонун билдирди.

Аба соккулары хуситтердин 17-январдагы Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учкучсуз аппараттардан жана ракеталардан аткылаганына жооп болду. Бул күнү Абу-Дабиге жасалган эки чабуулга Иран менен байланышкан хусит топтору жоопкерчилик алды. Анда эки киши каза тапкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гутерриш хуситтердин Бириккен Араб Эмираттарына жасаган чабуулун айыптап, "олуттуу ката" жана "кабыл алынгыс" деп атады. "Жоопкерчиликти камсыз кылуу үчүн бул окуялар боюнча ыкчам, натыйжалуу жана ачык-айкын иликтөө жүргүзүүгө чакырды",- деп билдирди анын басма сөз катчысы.

Сауд Арабиясы менен АКШ көптөн бери Иранды хуситтерди аскердик техника, анын ичинде учкучсуз учактар ​менен камсыз кылып жатат деп айыптап келет. Тегеран уюмга каржылык жана аскердик жардам берген деген айыптоолорду четке кагууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG