Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Жаңы-Өзөндүн тургундары Токаевден куугунтукту токтотууну талап кылды


Бийликке кайрылган жаңыөзөндүктөр.
Бийликке кайрылган жаңыөзөндүктөр.

Казакстанда Жаңы-Өзөндүн активисттери менен тургундары январдын башында Казакстандын ар кайсы аймактарында бийлик элге каршы курал колдонгон тынчтык митингинен кийин куугунтукту токтотууну талап кылган видео кайрылууларды социалдык тармактарга жарыялай баштады.

Видеокайрылууда аты-жөнүн айтып, тааныштырган жаңыөзөндүктөр президент Касым-Жомарт Токаевден тынч демонстранттарды "террорчу" деп куугунтуктоону токтотууну талап кылды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы жазды.

Ушул аптанын ортосунда активисттердин тобу Жаңы-Өзөндө курмандыкка мал союп, январдагы кандуу окуяда курман болгондорго куран окушту. Жашоочулар анда Алматыдагы жана башка аймактардагы кыйноолор, куугунтуктар боюнча өз ойлорун социалдык түйүндөр аркылуу бөлүшкөн.

"Биз согушканы чыккан жокпуз. Бийлик элди тоготпой койду. Андан соң ал тынч митингдин катышуучуларына ок атылды. Эл жок болсо сен кимсиң? Камактагыларды тезинен бошоткула, жабыркагандарды дарылап, ата-энелерине жеткиргиле!", – дейт 2011-жылы жети ай иш таштаган мунайчылардын бири Жаңбыр Ергазиев.

Ергазиевдин айткандарын видеодогу башка катышуучулар дагы коштоп, "репрессия токтотулсун" деп кыйкырышкан.

Казакстандагы нааразылык толкуну 2-январда Маңгыстау облусундагы жана Жаңы-Өзөн шаарындагы суюлтулган газдын баасын арзандатууну талап кылган митингде башталган. Кийин саясий өңүт алган акциялар Алматы шаарында ири башаламандык менен коштолгон.

Тополоңдо жалпы 227 адам өлгөнү аныкталды. Бирок каза болгондордун аты-жөнү жарыяланбады. Укук коргоочулардын айтымында, каза болгондордун, жарадар болгондордун жана кармалгандардын арасында кылмышкер эмес тургундар да бар. Жабыркагандар арасында аялдар менен балдар, митингге эч кандай тиешеси жок жай тургундар да бар экени белгилүү болду. 10 миңдей адам кармалганы кабарланып, 700дөй кылмыш иши козголду.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоочулар бийликти тынч митингге катышкан жарандарды куугунтуктоону жана аларды токтоосуз бошотууга чакырышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG