Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:09

Иликтөөчү журналист Болот Темировду милиция кармап кетти (видео)


Журналист Болот Темировду милиция кармап кетти
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

Журналист Болот Темировду милиция кармап кетти

Беткап кийген күч кызматкерлери иликтөөчү журналист Болот Темировдун колун толгоп машинеге салып кетишти. Жактоочу Нурбек Токтакуновдун айтымында, Темировду Бишкек шаардык милициясына алып кетишти.

ИИМ Темировдун кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Анын алдында милиция кызматкерлери Temirov LIVE каналынын кеңсесиндеги компьютерлерди алып кетишкен.

Адвокат Нурбек Токтакуновдун айтымында, Темировдун үстүнөн "кимдир-бирөөдөн милицияга арыз түштү" деп түшүндүрүшкөн.

Темиров менен бирге тинтүү учурунда кеңседе болгон журналисттердин айтымында, күч кызматкерлери имаратка күч менен кирип, иликтөөчү журналисттин чөнтөгүнө "белгисиз зат" салышкан.

Учурда кеңседе журналист, активисттер чогулуп турат.

Нурбек Токтакунов Temirov LIVE редакциясы жакынкы күндөрү өлкөдөгү чоң кызматкерлердин бири тууралуу иликтөө жарыялоону пландап жатканын айтты.

Бүгүн, 22-январда кечки саат 19:15тер чамасында редакциянын кеңсесине беткап кийген укук коргоо органдарынын өкүлдөрү кирип келген.

Акыркы иликтөө

Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал ар кайсы темада иликтөө материалдарды даярдап келген. Жакында анда "Ташиевдердин схемасы" жөнүндө "Эки күндө 37 млн. сомду тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темада иликтөөсүн жарыялаган.

Жаңы иликтөө Ташиевдин жээни Байгазы Матисаковго байланыштуу, ал 2020-жылдагы октябрь окуясынан кийин "Кыргызнефтегаз" мамлекеттик ишканасына караштуу "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасын жетектеген. Журналист жана аталган каналдын негиздөөчүсү Болот Темиров OCCRP иликтөөчү журналисттери "Регион ойл" компаниясынын экспорттук операциялары тууралуу документтерди табууга жардам беришкенин билдирген. Документтерге ылайык, аталган ишкана мазутту Ташиевдин жээни жетектеген "Кыргыз Петролеум Компани" ишканасына экспорттойт.

"Жөнөкөй эсептөөлөрдү жүргүзүп, 37 млн сом айырма алабыз. Башкача айтканда, ортомчу компания мамлекеттик заводдун продукциясын экспорттоо менен киреше табат – бул эки күндүн ичинде", - деп айтылат иликтөөдө.

Буга чейин Temirov LIVE деп аталган YouTube-канал “Садыр Жапаровдун кудасы жана жарым миллиарддык тендер” аттуу иликтөөсүн жарыялаган. Анда “Унаа” ишканасын Турусбек Түмөнбаев жетектей турганы жана тендер ишинде анын кызы Айгерим Тогузбаеванын фирмасы менен “кызыкчылыктар кагылышы” бар экени айтылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG