Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:27

Токмокто балыктардын кырылышына амебиаз инфекциясы себеп болгону аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмокто балыктар жапырт кырылды деген маалымат боюнча Балык бирлиги жана ветеринарлар түшүндүрмө берди. Ассоциациясынын башчысы Урмат Жумалиев бул маалымат далилденбегенин 24-январдагы маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, алгач балыктар жем жебей, алсырап баштаган.

“Адистердин жардамы менен ооруну аныктап алдык. Көрсө бир клеткалуу организм болгон экен. Адистер профилактика жүргүзүү тууралуу маалымат берип кеткен. Учурда сууга туз кошуп профилактика кылып жатабыз. Ошондой эле балыктар жүргөн бассейн туура эмес салынып калган. Мындан улам сегиз чарба жабыркаган. Бул тармакта жаңы иштеп баштагандар коркуп балыктарын жапырт сата баштагандыктан анын баасы түшүп кеткен. Эл арасында дагы балыктар кырылып жатат деген ушактар пайда болгон. Чындыгында жапырт кырылганы боюнча далил жок”, - деген Жумалиев.

Ветеринар Абай Букушовдин айтымында, фермерлер балыктардын кырылып жатканына тынчсызданып, 29-декабрдан тартып чала баштаган. Анын айтымында, изилдөө балыктардын өлүшүнө амебиаз инфекциясы себеп болгонун көрсөттү. Маалыматка караганда, бир клеткалуу организмдер балыктын бакалоорунда топтолуп, анын дем алуусуна тоскоолдук жаратат.

Буга чейин балыктар жапырт кырылып жатканы тууралуу маалымат интернетке тараган. Анда тургундарга убактылуу балык жебей туруу сунушу айтылган.

Адистер текшерүүдө балыктан зыяндуу заттар чыкпаганын белгилешти. (КЕ)

XS
SM
MD
LG