Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:27

Бекмурзаев энергосистемада мындай окуя биринчи жолу болгонун билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор Азия энергетикалык шакекчесинде авария болуп, жапырт жарык өчкөн учур биринчи жолу катталып жатат. Бул тууралуу 25-январдагы маалымат жыйында энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди. Ал авариянын себеби азырынча белгисиз экенин, аны адистер текшерип, анализдеп чыккан соң айтыларын кошумчалады.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшкү саат 12лер чамасында электр энергиясы өчтү. Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы жарык Борбор Азия боюнча өчкөнүн билдирди.

Министрдин айтымында, саат 16:00гө карата жарык берүү 60% калыбына келди. Калган аймактарга электр энергиясы этап-этап менен бериле баштайт.

Бишкек жылуулук борборунда да иш үзгүлтүккө учурап, калыбына келтирүү иши жүрүп жатканы айтылды.

Казакстан менен Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары дагы өлкөнүн бир катар аймактарында жарык жок экенин билдиришти.

2013-жылы 12-январда Борбор Азия энергетикалык айлампасында эки ири авария болгон. Жамбыл-Фрунзе 500 кВт линиясы да иштебей калган. Кыргызстан Токтогул-Фрунзе линиясынан гана электр жарыгын алып калган. Электр энергиянын 40% Токтогул – Ташкент – Чымкент – Жамбыл аркылуу келип, Фрунзе көмөк чордонунда бөлүштүрүлөт.

Кыргызстанга эки чоң линия Казакстан менен Өзбекстан аркылуу келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG