Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:39

Казакстан менен Өзбекстанда жарык бериле баштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Казакстанды электрэнергиясы менен камсыздоочу KEGOC компаниясы жарык акырындан бериле баштаганын билдирди. Компаниянын маалыматына караганда, Алматы жана Алматы облусу электрэнергия менен толук камсыздалды.

Өз билдирүүсүндө компания Өзбекстан жана Кыргызстандын энергосистемалары менен биргеликте иш-аракеттер жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, жарыктын өчүрүлүшүнө Борбор Азия энергетикалык шакекчесиндеги авария себеп болгон.

25-январда түшкө маал Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бир катар аймактарында жарык өчкөн.

Ташкентте метро иштебей, уюлдук байланыш үзгүлтүккө учураган. Жалпы Өзбекстан боюнча баардык аэропорттордун иши токтоп калган.

Казакстандын Алматы, Жамбыл жана Түркестан облустарында жарык өчтү.

Өзбекстандын Энергетика министрлиги мүчүлүштүк казак электрсистемасында болгонун билдирсе, казак тарап авария Кыргызстан менен Өзбекстандын айынан болгонун айтууда. Буга чейин Кыргызстандын бийлиги авария өлкө аймагында болбогонун билдирген.

Эксперттердин айтымында, Борбор Азиядагы энергетикалык инфраструктуранын эскилиги жеткен. Элекстростанциялардын дээрлик баардыгы Советтер Союзунун маалында курулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG