Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:11

Кремл АКШ "чыңалууну күчөтүп жатканын" билдирди


Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков. 23-январь, 2021-жыл. Москва.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков. 23-январь, 2021-жыл. Москва.

Кремл АКШнын билдирүүлөрү жана аракеттери "чыңалууну күчөтүп жатканын" эскертти. 25-январда орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков билдиргендей, Орусия "Американын аракеттерине" тынчсыздануу менен көз салууда.

"Кошмо Штаттар чыңалууну күчөтүп жатат", - деди Песков

Буга чейин Пентагон 8500 америкалык аскер жогорку даярдыкка келтирилгенин билдирген. Мекеменин маалымат катчысы Жон Кирби билдиргендей, эгер зарыл болсо аскерлер НАТОго мүчө мамлекеттерге жайгаштырылат.

Ал эми АКШ президенти Жо Байден Орусиянын агрессиясына каршы туруу үчүн Батыш мамлекеттери бир муштум болуп түйүлөрүн айткан.

НАТО өз күчтөрүн даярдыкка келтиргенин, чыгыш Европага кошумча тик учактар менен согуштук кемелерди жөнөтүп жатканын буга чейин кабарлаган.

Былтыркы күздөн бери Орусиянын Украинага ыктымал басып кирүүсү кызуу талкууланып келатат. Айрым маалымат каражаттары Москва кошуна өлкө менен чек арасына 100 миңдей жоокерин топтоп жатканын жазып, сүрөттөрдү жарыялашкан.

Буга чейин Москва АКШ жана НАТОго өз талаптары жазылган макулдашуунун долбоорун сунуштаган. Алардын арасында "НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек, Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш жана НАТО 1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек" деген шарттар бар. Өткөн аптада Кошмо Штаттардын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолукканда Вашингтон Москванын талаптарына кат жүзүндө жооп берерин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG