Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:47

Орозайым Нарматованын ордуна Айгүл Айдарова депутат болуп келди


Айгүл Айдарова.
Айгүл Айдарова.

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 25-январда "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Айгүл Айдаровага мандат берди. Ал өткөн жумада диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келди.

БШК 20-январдагы отурумунда УКМК менен Билим берүү министрлигинин маалыматына таянып Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарган.

Атайын кызмат 14-январда маалымат таратып, Орозайым Нарматованы окуу жайга мыйзамсыз кабыл алган деген шек менен Жалал-Абад мамлекеттик университетинин жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголгонун билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен 24-январдан тарта айыл өкмөттөрүнөн тарта бардык макамдагы мамлекеттик кызматкерлердин жогорку билими тууралуу дипломдору текшериле баштады. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG