Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:33

Майрам Акаева Кыргызстанга келгени айтылды


Майрам Акаева.
Майрам Акаева.

Мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева бүгүн, 25-январда Кыргызстанга келгенин "Азаттыктын" жеке булактары кабарлады.

Маалыматка караганда, Акаева Талас облусунда жашаган 104 жаштагы энесинин тажыясына катышат. Кыргызстанда канча күн болору белгисиз. Апасынын сөөгү 26-январда коюлат.

Майрам Акаева Кыргызстанга 2005-жылдагы март ыңкылабынан бери келе элек болчу. Буга чейин анын келип кеткени тууралуу сөздөр айтылганы менен расмий тастыкталган эмес.

Мурдагы президент Аскар Акаев былтыр, 2021-жылы өлкөгө эки ирет "Кумтөр ишине" байланыштуу сурак бергени келген.

Кыргызстанды 1990-2005-жылдары башкарган Аскар Акаев 2005-жылы 24-мартта үй-бүлөлүк, авторитардык, коррупциялык бийликке каршы чыккан эл Ак үйдү алгандан кийин өлкөдөн качып кеткен. Ошондон бери ал үй-бүлөсү менен Орусияда башкалкалап жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG