Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Кыргызстандын бардык аймактарына электр жарыгы берилди


Кыргызстандагы электр тармагы да Борбор Азия айлампасына кирет.
Кыргызстандагы электр тармагы да Борбор Азия айлампасына кирет.

Кыргызстандын бардык аймактарында электр энергиясы берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз катчысы Жийде Зоотбекова кабарлады. Анын айтымында, бүгүн 25-январда кечке маал өлкөнүн бардык аймактарына жарык толугу менен берилди.

"Кыргызстандын жети облусуна жарык берилди. Өлкөдөгү бардык подстанцияларга күчөтүлгөн тартипте нөөмөткө чыгабыз. Чакан айылдарда свет жок болушу мүмкүн, бирок баарына электр энергиясы берилет", - деди Зоотбекова.

Ал ошондой эле айрым аймактарда электр энергиясы үзгүлтүккө учурашы мүмкүндүгүн эскертип, бирок кабатырланууга негиз жок деп ишендирди.

Кыргызстандын дээрлик бардык аймактарында түшкү саат 12де электр энергиясы өчтү. Бишкектеги Жылуулук электр борборунун да иши токтоп, таза суу чыкпай калган. Түштөн кийин бул абал акырындап жөнгө салынып, кечке жуук баш калаада жарык, суу жана жылуулук берилип баштады.

Энергетика министри Доскул Бекмурзаев борбор азиялык энергетикалык шакекчеде болгон аварияны мамлекеттер аралык комиссия иликтей турганын билдирди. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG