Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:59

"Хабар" телеканалы кармалгандардын катарында "Йакын Инкардын" мүчөлөрү көп экенин кабарлады


Казакстандагы январдын башындагы нааразылыктарда тартылып алынган сүрөт.
Казакстандагы январдын башындагы нааразылыктарда тартылып алынган сүрөт.

Казакстандын мамлекеттик "Хабар" телеканалы январь окуялары боюнча көрсөткөн документалдык тасмасында бул тополоңго байланыштуу "кармалгандардын катарында "Йакын Инкар" радикал тобунун тарапташтары арбын" деп билдирди.

"Таблиги жамаат" диний уюмунун бир канаты деп эсептелген "Йакын Инкар" Казакстанда тыюу салынган топтордун катарына кирет. Бул диний агымындагылар өздөрүн "пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз" деп эсептешет.

Январь окуялары маалында кеминде 227 адам өлгөнүн бийлик билдирген. Алардын тизмеси ушул күнгө чейин жарыялана элек.

Президент Касым-Жомарт Токаев Алматы жана бир катар аймактар миңдеген "террорчулардын" чабуулуна туш болгонун билдиргени менен эч кандай далилдер келтирилген эмес.

Ал арада парламенттин Жогорку палатасы мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешке жана Казакстан калкынын ассамблеясына көзү өткөнчө төрагалык кылууга мүмкүнчүлүк берген мыйзамдарды жокко чыгарды.

"Йакын Инкар" диний агымы Кыргызстанда 2017-жылы экстремисттик деп табылган. Андан кийин уюмга мүчө ондогон кишилер кармалганы кабарланган. Ага чейин бул топко мүчө болгондор балдарынын мектепке барышына, алардын телевизор көрүшүнө тыюу салган окуялар катталган. (EzK\ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG