Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:51

Иранда тамаша видеолорду тарткан 17 адам кармалды


Ирандын борбору Тегерандагы көчө.
Ирандын борбору Тегерандагы көчө.

Ирандын полициясы коркунучтуу пранк (тамашага салуу) тартып, анын видеосун социалдык түйүндөрдө жайылтууга шектелген 17 адамды кармаганын билдирди. Бул тууралуу Тегерандын полициясынын башчысы Хуссейн Рахимиге таянуу менен мамлекеттик IRAN гезити жазды.

Укук коргоо органы алар “коркунучтуу көркөм тасмалардагыдай ачык кадрлар менен Тегеранда видео тартып, калктын ичинде коркунуч жараткан” деп эсептейт.

Соңку апталарда жарыяланган тамаша видеолордо жаштар метронун эскалаторунда бараткан кишилердин бетине торт менен урганы, таксинин айдоочусу катары жарандарды ар кандай ыңгайсыз учурларга салганы, тапанчадан кызыл боёк менен ок атканы жана жөө жүргүнчүлөргө жумуртка ыргытканы көрсөтүлгөн.

Пранктардын катышуучулары анда коркуп кетишкени жана ачуусу келгени байкалган. Видеолор социалдык түйүндөрдүн ирандык сегментинде көп ирет көрүлгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG