Бишкектин кайра шайлоо өтө турган бир мандаттуу №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкерлерди каттоо бүгүн, 27-январда кечки саат 18:00дө аяктады.
Документтерди кабыл алууну “Жалпы иш” коомдук фонду көзөмөлдөп турду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
Эки депутаттык мандат үчүн жалпы 72 адам талапкерлигин көрсөтүп, каттоодон өттү. Талапкерлер 30-январдын кечине чейин өздүк документтерин толук БШКга өткөргөндөн кийин гана шайлоого катышуу укугун алат.
Бул эки округда 2021-жылдын 28-ноябрындагы парламенттик шайлоодо “баарына каршы” деген добуштар көп болгондуктан, быйыл 27-февралга кайра шайлоо дайындалган. (BCh)