Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:06

Кыргыз-тажик чек арасы: Төрт-Көчөдө ок атышуу башталганы маалым болду


Төрт-Көчөнүн дрондон тартылган сүрөтү. "Азаттык", 2022-жылдын январы.
Төрт-Көчөнүн дрондон тартылган сүрөтү. "Азаттык", 2022-жылдын январы.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев билдирди.

Төлөнбаев "атышуу башталды, эки тараптан тең атышып жатышат", - деген маалыматты айтуу менен чектелди.

Тажикстандын бийлиги чек арадагы атышуу тууралуу расмий маалымат бере элек. Окуянын себеби азырынча белгисиз.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Чек ара кызматы бүгүн, 27-январда кечки саат 18:30дар чамасында Тажикстан Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө аймагын бир тараптуу жаап койгонун кабарлады.

Маалыматка караганда, кечки 17:30дан 18:30га чейин жолду тосуу башталган. Окуя курчуп кетпеш үчүн Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев менен Чек ара отрядынын полковниги Рустам Миршакиров Төрт-Көчөгө барышкан. Чек ара кызматы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген.

Эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу тилкелердин айынан чек арада чыр-чатак байма-бай катталып келет. 2021-жылы жазындагы куралдуу жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши курман болгон, анын экөө бала. 180ден ашуун киши жараат алган.

Тажикстан тараптан 19 киши каза таап, 87 киши жарадар болгону расмий кабарланган. Эки өлкө тең бул жаңжал үчүн бири-бирин айыптап, кылмыш иштери козголгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG