Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

"Озоди": тажикстандыктар жолду кыргыз тарап тороп салганын айтышууда


Кыргыз-тажик чек арасы. Исфара району. 30-март, 2016-жыл.
Кыргыз-тажик чек арасы. Исфара району. 30-март, 2016-жыл.

Тажикстандын Ворух жана Кожалы айылдарынын тургундары Исфарага алып барган жалгыз жолду кыргыз кыштактарынын тургундары жана кыргыз чек арачылары тороп алышканын "Азаттыктын" тажик кызматына айтып беришти.

Атышуу тууралуу Чорку жамаатынын тургундары да кабарлашты. Алардын айтымында, атышуу Сомониен айылынын аймагында жүрүп жатат.

27-январдагы чек ара жаңжалы Баткен районунун Көк-Таш айылындагы эки өлкөнүн аймагы кесилишкен жерде (Төрт-Көчө) чыкты. Мында Кыргызстандын Баткен - Исфана жолу жана Тажикстандын Ворух анклавына кеткен жол кесилишет.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Баткен-Исфана жолундагы Төрт-Көчө аймагында кечки саат 19:30дар чамасында эки тараптан атышуу башталганын “Азаттыкка” Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматка караштуу Чек ара кызматынын Баткендеги башкармалыгынын жетекчиси Кыялбек Төлөнбаев маалымдаган.

Исфара шаардык администрациясынын маалымат катчысы Зубайдулло Шамодов "Азаттыктын" тажик кызматына эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда атышуу болгонун бышыктады.

Буга чейин эки тарап жолду тороп алды деп бири-бирин айыпташкан. Шамодовдун айтымында, Баткен-Исфана жолун кыргыз тарап тороп алган. Мындан улам жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү чукул жыйынга чогулушкан. Кыргыз тарап чек ара жаңжалы тажикстандык жарандар Төрт-Көчө аймагын жаап алгандан кийин тутанганын билдирүүдө.

Кыргызстандын Чек ара кызматы маалымдагандай, эки өлкөнүн чек арачыларынын атышуусу "Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө болуп, тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатат".

Тажикстандын чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG