Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:12

Баткенде милиция, оорукана күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү


Төрт-Көчө жергеси.
Төрт-Көчө жергеси.

Ички иштер министрлиги кабарлагандай, Баткен облусундагы чек арада кырдаал курчугандыктан облустук милициянын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.

Милиция кызматкерлери жергиликтүү элди коопсуз жактарга көчүрүүгө көмөктөшүп, коомдук тартипти көзөмөлдөөдө.

Такталган маалыматтар боюнча Төрт-Көчө аймагында Баткен-Исфана автожолун тажик жарандары жаап салып, эки мамлекеттин чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунан кийин саат 19.30да кайра ачылган.

Бирок 19.35 чамасында кырдаал курчуп, тажик тараптан Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында Кыргызстанды көздөй ок чыгарышкан. Кыргызстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арачылары Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө атышып, "тажик тарап миномет жана гранатомётторду колдонуп жатканын" кабарлады.

Саламаттык сактоо министрлиги чек арада кырдаал курчугандыктан Баткен облусундагы ооруканалар өз даярдыктарын күчөткөнүн билдирди.

“Азаттыктын” тажик кызматынын аймактык кабарчысынын айтымында, Исфара акимчилигинин басма сөз катчысы Зубайдулло Шамодов жолду кыргыз тарап жапканын, буга байланыштуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү чукул жыйынга чогулганын билдирген. Мындан башка расмий маалымат бериле элек. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG