Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:36

Бакыт Төрөбаев депутат Ташиевдин мандаты тууралуу түшүндүрмө берди


Шаирбек Ташиев соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып келген.
Шаирбек Ташиев соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып келген.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси, депутат Шаирбек Ташиевдин мандатына байланыштуу чечим Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын иликтөөсүндөгү маалыматтар текшерилгенден кийин кабыл алынарын билдирди. Ал бул маселе фракцияда каралып, комиссия же топ түзүп маалыматтарды текшерүү чечими кабыл алынганын айтты.

Буга чейин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы Шаирбек Ташиевдин мандатын тапшыруу маселесин иликтөө өтүнүчү менен спикер Талант Мамытовго кайрылган. Бул фракцияга аталган депутат өзү арыз жазып, анын маселеси 26-январда каралган.

Бир апта мурун Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыяланган. Эки күндөн кийин анын автору Болот Тамиров жана командасындагы төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Бул окуядан улам Камчыбек Ташиев бир тууган иниси депутаттык мандатын тапшыранын билдирген.

Шаирбек Ташиев соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу №14 Жалал-Абад округунан шайланып келген жана парламенттеги "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясына кошулган.

XS
SM
MD
LG