Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:11

Укук коргоочу Токтонасыров чек арадагы окуяга байланыштуу пикетке чыкты


Баткен.
Баткен.

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышка байланыштуу Бириккен Улуттар уюмунун Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты. Ал чек ара маселесине, өзгөчө Тажикстандын аракетине эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурдуруу максатында чыкканын "Азаттыкка" билдирди.

"Агрессия токтош керек. Бул маселеге эл аралык уюмдар көңүл бурсун", - дейт укук коргоочу.

27-январда Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы Төрт-Көчө аймагында тажик тургундар жолду бууганга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдөн кийин абал жайгарылган. Бир аздан кийин тажик тараптан башка аймакта – Чыр-Дөбөдө ок атылганын Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирген. Кыргызстан муну тажик чек арачыларынын атайын жасаган чагымы деп атады. Тажик тарап Кыргызстанды айыптап жатат.

Соңку маалыматка ылайык, кыргыз тараптан 12 адам жараат алды. Саламаттык сактоо министрлиги алардын абалы орточо оор экенин кабарлады.

Тажикстандын "Ховар" маалымат агенттиги жаңжалда эки адам мерт болуп, 10 адам жараат алганын, анын алтоо аскер, төртөө жайкын тургун экенин жазды.

Кыргызстандын Министрлер кабинетинин орун басары, Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) башчысы Камчыбек Ташиев Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалды эки тараптуу комиссия иликтей турганын Баткенде, чек арадагы Достук айылындагы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG