Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:36

Түндүк Корея Америкага жете турган баллистикалык ракетасын сынаганын ырастады


Түндүк Корея АКШнын Гуама аймагына чейин жете турган орто аралыктагы "Хвасон-12" баллистикалык ракетасын сынаганын ырастады. Мамлекеттик агенттиктер сыноо учурундагы сүрөттөрдү жарыялашты.

Сеул менен Токио жекшембиде Түндүк Корея баллистикалык ракетасын сынаганын билдирген.

Алардын баамында, ракета 2000 чакырым бийиктикке жетип, Жапониянын жээгине жакын сууга түшкөн.

Пхеньян жыл башынан бери жети жолу баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрүп, АКШ, Жапония, Түштүк Корея баш болгон эл аралык коомчулуктун айыптоосуна кабылды.

Бир аз мурда америкалык жогорку даражалуу аткаминерлердин бири Түндүк Корея континенттер аралык баллистикалык ракеталарды сыноону жандантышы мүмкүн деген кооптонуу бар экенин айткан. 30-январда өткөн брифингде АКШнын расмий өкүлү Вашингтон Пхеньянды сүйлөшүүгө чакырып жатканын билдирди.

Вашингтон Түндүк Кореяга салынган санкцияларды алган эмес. Ал тургай Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинен дагы жаңы санкцияларды киргизүүнү талап кылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG