Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:49

Болот Темиров канынан анализ тапшырды


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Болот Темиров өзү билдирди жана учурда анын жыйынтыгын күтүп жатканын айтты. Баңгизатка байланыштуу айып коюлган журналист буга чейин заарасынан анализ тапшырып, ал таза чыккан.

Бир аптадан ашык убакыт муру Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

"Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы материалда "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG