Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:32

Самаркандда АКШга мыйзамсыз жөнөтүүнү убада кылган адам кармалды


АКШ - Мексика чек арасынан өтүп жаткан мигранттар. Техас. 8-июль, 2021-жыл.
АКШ - Мексика чек арасынан өтүп жаткан мигранттар. Техас. 8-июль, 2021-жыл.

Өзбекстандын Самарканд шаарында 60 миң долларга үч жаранды АКШга мыйзамсыз жөнөтүүнү убада кылган 32 жаштагы адам кармалды. Ал ар биринен 20 миңден алып жатканда Коопсуздук кызматынын колуна түшкөнү белгилүү болду.

Шектүү Америкага кетүүнү көздөгөндөрдү "Өзбекстан - Орусия - Түркия - Бириккен Араб Эмираттары - Мексика - АКШ" каттамы менен жөнөтүүнү убада кылган.

Тергөө маалында кармалган адам кардарларына жолго чыгар алдында ПЧР-тест тапшырып, эсебинде беш миң доллар бар банк картасын алуу тууралуу кеңеш берген.

Факт боюнча кылмыш иши козголду.

10-декабрда Өзбекстандын Эмгек миграция боюнча агенттиги Америка - Мексика чек арасынан мыйзамсыз өтүп бараткан төрт өзбекстандык кармалганын билдирген. Алардын андан аркы тагдыры эмне болгону белгисиз.

Соңку жылдары Мексика аркылуу АКШга кирүүнүн амалын издеп жүргөн жүздөгөн кыргызстандыктардын окуялары тууралуу "Азаттык" жакында жазып чыккан.

“Америка кыялына” жетеленген мекендештердин айрымдары максатына жеткени менен дээрлик көпчүлүгү миңдеген доллардан кол жууп, Бишкекке кайтууга мажбур болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG