Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:50

Чет өлкөлөрдө жумушка орноштурууну сунуштаган компаниялар көбөйдү


Өткөн айда Түштүк Кореяга кыргызстандык жарандардын тобу иштегени кеткен.
Өткөн айда Түштүк Кореяга кыргызстандык жарандардын тобу иштегени кеткен.

Кыргызстанда 2021-жылы чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу кызматын сунуштаган компаниялардын саны 117ге жетти. Мурдагы жылы болсо мындай 73 гана компания каттоодон өткөн.

Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков "Азаттыкка" билдирди.

Анын маалымдашынча, жеке компаниялар аркылуу 3254 адам 12 өлкөдө ишке орношкон жана басымдуу бөлүгү, тактап айтканда 1,5 миңдей адам Түркияга кеткен.

Ал эми министрликтин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борбору аркылуу былтыр 590 адам Орусияга, 167 адам Түштүк Кореяга кеткен.

Кыргызстанда соңку кездери чет өлкөдөн иш таап берүүнү убада кылган компанияларга алданып калган, нааразы болгон учурлар көп каттала баштады. Былтыр Кылмыштардын бирдиктүү реестрине алты факт катталып, анын үчөө сотко өткөн.

XS
SM
MD
LG