Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:28

Президент Нургүл Бакирова менен Карыбек Дүйшеевди кызматтан бошотту


Нургүл Бакирова кызматтан кетүү тууралуу президентке 31-январда арыз жазган.
Нургүл Бакирова кызматтан кетүү тууралуу президентке 31-январда арыз жазган.

Президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакированы, ал эми Конституциялык палатанын жетекчиси Карыбек Дүйшеевди өздөрүнүн арызынын негизинде иштен алды. Анын алдында Жогорку Кеңеш аларды бошотууга макулдук берген.

Президент Бакированын ордуна Замирбек Базарбековду, Конституциялык соттун төрагасы кызматына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин көрсөттү. Алардын талапкерлигин Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында карап жатат.

Замирбек Базарбеков 2016-жылдан кийин Садыр Жапаровдун адвокаты болгон. Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Былтыр июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон.

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган.

Садыр Жапаровдун дагы бир адвокаты Шарабидин Токтосунов былтыр жыл аягында Бишкек шаардык соттун судьясы болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG