Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:43

Ташиев журналисттер кабылган аңдуу, шантаж тууралуу дооматты четке какты


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналист Болот Темиров жана анын командасындагы адамдардын артынан аңдуулар, шантаж тууралуу атайын иликтөөнү окубаганын билдирди. Мындай мыйзамсыз иштерге атайын кызматтын өкүлдөрү аралашкан деген маалыматтарды четке какты.

"УКМК Темиров боюнча эч кандай маалымат тараткан жок, маалыматы жок, ал ишти тергеген жок. Ал иш ИИМде. Мен иликтөөнү окуган жокмун".

Бул иликтөөнү "Азаттык” радиосу, OCCRP жана Kloop медиасы биргелешип даярдаган. Анда 22-январда Болот Темировдун кармалышын “журналистке жана анын командасына каршы бир нече айлык аңдуунун жана басым көрсөтүүнүн кульминациясы” болгону жазылган.

Буга чейин Темиров жана анын командасы Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын тууганынын аты аталган журналисттик иликтөө жарыялаган.

"Эки күндө 37 млн. сомду кантип тапса болот? Садыр Жапаров жана Ташиевдин схемасы" деген темадагы материалда "Кыргыз Петролеум Компани" мамлекеттик ишканасы “Регион Ойл” деп аталган компанияга мазут сатканы, жеке компания мазутту сыртка экспорттоп, эки күндүн ичинде 37 миллион сом тапканы айтылган.

Ташиев менен анын жакындары дооматтарды четке каккан.

Иликтөө жарыялангандан көп өтпөй анын автору Болот Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаров баңгизатка байланыштуу айыпталып кармалып, коомчулуктун нааразычылыгынан кийин үй камагына чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG