Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:25

Сот терроризм үчүн соттолгон Брейвикти мөөнөтүнөн эрте бошотуудан баш тартты


Брейвик сотто. Архивдик сүрөт
Брейвик сотто. Архивдик сүрөт

Норвегия соту терроризм үчүн соттолгон Андерс Брейвикти мөөнөтүнөн мурун абактан бошотуудан баш тартты. Жергиликтүү агенттиктер кабарлагандай, сот "ал коомго аралашып жашай албайт, кайрадан кылмышка барууга аракет кылышы мүмкүн" деген чечим чыгарды.

Брейвик 2012-жылы 21 жылга түрмөгө кесилген. Ал Ослонун борборунда жардыруу уюштуруп, шаардын четиндеги жаштардын лагеринде туш келди ок ачкан. Теракттарда 77 кишинин өмүрү кыйылган. Абактагы мөөнөтүнүн жарымын өтөгөндөн кийин ага эрте бошотуу боюнча сотко кайрылуу укугу берилген.

Адвокаттар TV2 телеканалына билдиришкендей, Брейвик апелляциялык арыз жазып, мамлекетти сотко берүүнү көздөп жатат. Кылмышкер жана адвокаттары терроризм үчүн соттолгон адамды ушундай шартта кармоо адам укуктарын бузат деп эсептешет. Брейвик компьютер, телевизор жана компьютер оюндары менен камсыздалган үч кишилик камерада отурат.

2017-жылы ал Адам укуктары боюнча Европа сотуна даттанган. Камерасын тинтип жатканына, сырткы дүйнө менен байланыштары чектелгенине, тамакты микротолкундуу меште жылытышканына нааразылыгын билдирген.

Сот анын арызын кароодон баш тарткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG