Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:25

Базарбеков: оппозиция, журналисттерге каршы сот жараяндары токтошу керек


Замирбек Базарбеков.
Замирбек Базарбеков.

Жогорку Кеңеш 2-февралдагы жыйынында Жогорку соттун төрагалыгына Замирбек Базарбековдун талапкерлигин карап жатат. Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, сот системасын реформалоого байланыштуу ой-пикири менен бөлүштү.

"Адегенде мыйзамдардын үстөмдүгүн орнотуу керек. Бизде мыйзамдардын үстөмдүгү орнобосо соттук-укуктук адилетсиздикти жоюу тууралуу сөз кылуу дагы кыйын болуп калат. Экинчиси, саясий оппозициянын мүчөлөрүнө, жалпыга маалымдоо каражаттарына, журналисттерге жана жада калса бийликке сын айткан карапайым адамдарга карата жүргүзүлгөн сот жараяндарынын баары тез аранын ичинде токтотулушу керек. Үчүнчүдөн, сот бийлигин ар кандай саясий топтордун куралына айлантпоого аракет кылышыбыз керек. Андан кийин, соттордун эмгек акыларын, техникаларын жогорулатуу менен биргеликте жоопкерчилигин дагы көтөрүү керек"-деди Базарбеков.


Мунун алдында парламенттин тармактык комитети Жогорку соттун төрагасы кызматына Замирбек Базарбековдун, ал эми Конституциялык соттун башчылыгына Эмил Өскөнбаевдин талапкерлигин карап, экөөнү тең жактырган.

Алардын талапкерлигин бул кызматтарга мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун атынан президент менен Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмасбек Абытов сунуштаган.

Ага чейин парламент Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова менен Конституциялык палатанын төрагасы Карыбек Дүйшеевдин өз эрки менен кызматтан кетүү тууралуу арызын канааттандырган.

Замирбек Базарбеков парламент жыйынында Садыр Жапаровго 2016-жылдан кийин адвокат болгонун билдирди. Ал 2020-жылдын аягында президенттик аппараттын Соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына дайындалган. Былтыр июнь айында Жогорку соттун судьясы болгон.

Эмил Өскөнбаев буга чейин Конституциялык палатанын төрагасынын орун басары кызматында турган.

Садыр Жапаровдун дагы бир адвокаты Шарабидин Токтосунов былтыр жыл аягында Бишкек шаардык соттун судьясы болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG