Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:16

Баткенде өзгөчө макам бериле турган айылдардын тизмеси толукталды


Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.
Кыргыз-тажик чек арасы. Архивдик сүрөт.

Баткенде чек аралаш аймактардагы өзгөчө макам берүү пландалып жаткан айылдардын тизмеси кеңейтилди. Бул тууралуу 2-февралда “Азаттык” радиосуна президенттин Баткендеги чек аралаш айылдарды калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча атайын өкүлү Кайрат Кошбаков билдирди.

Анын айтымында, тизмеге буга чейинки 62 айылдан тышкары 89 айылды киргизүү сунушталууда:

“Биз азыр Министрлер кабинетине карап чыгуу боюнча сунуштарыбызды берип жатабыз. Сунуш катары 62 айылдан тышкары 89 айылдын тизмесин берип жатабыз. Үч райондон – Лейлектен, Кадамжайдан жана Баткенден”.

“Баткен облусунун статусу жөнүндө” мыйзамдын негизинде чек ара аймагында жайгашкан айылдардын тургундарына социалдык-экономикалык жактан жеңилдик берүү, инвестиция тартууга шарт түзүү, колдоо көрсөтүү үчүн 62 айыл тандалып алынганы буга чейин айтылган.

Бул тизмеге айрым айылдар кирбей калганы жергиликтүүлөр арасында нааразылык жараткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG