Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:10

Акылбек Жапаров Талды-Булак Сол жээк кенине барды


Акылбек Жапаров Талды-Булак Сол жээк кенинде.
Акылбек Жапаров Талды-Булак Сол жээк кенинде.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Кемин районундагы Талды-Булак Сол жээк кенине барды. Өкмөттүн расмий сайты жазгандай, сапардын жүрүшүндө Жапаров тоо-кен комбинатынын башкаруу борбору, кенди казып алуу технологиясы менен таанышкан.

Маалыматта жергиликтүү бийлик органдарына кенди иштеткен компанияга кызматкерлерди ишке алуу боюнча даттануу түшүп жатканы айтылат.

"Кызматка алуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда таза жана ачык-айкын жүргүзүлүшү шарт", - деген Жапаров.

Талды-Булак Сол жээк кенин иштетүү боюнча лицензия кытайлык "Алтынкен" компаниясына берилген. Компаниянын 60% үлүшү – кытай тарапка, ал эми 40% "Кыргызалтынга" тиешелүү.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, кендеги алтындын болжолдуу кору 78 тонна. Анда иштеген 987 жумушчунун 917си Кыргызстандын жарандары. (МТа)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG