Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:06

Армения-Түркия ортосунда учак каттамдары жанданды


Стамбул аэропорту.
Стамбул аэропорту.

Түркиянын Жарандык авиация башкармалыгы 2-февралда Ереван-Стамбул-Ереван багыты боюнча учак каттамдары жанданганын расмий кабарлады. Мындан ары Fly One жана түркиялык Pegasus авиакомпаниясынын учактары жумасына эки жолу учат.

Дипломатиялык алака калыбына келбегендиктен жарандар аэрoпорттон электрондук виза аркылуу өлкөлөргө кирери да кабарланды.

Түркия менен Армения карым-катышын жөнгө салуу аракеттеринин алкагында атайын өкүлдөр 14-январда Москвада жолугушкан. Анда тараптар алдын ала эч кандай шарт койбостон мамилелерди турукташтыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну макулдашканы кабарланган.

Ереван менен Анкара расмий түрдө дипломатиялык байланыш түзгөн эмес. Түркия 1990-жылдардын башында Армения менен чек араларын жапкан. Буга армян тарап Азербайжандын аймагы деп таанылган "Тоолуу Карабакты жана анын айланасындагы райондорду ээлеп алды" деген жүйө келтирилген.

2009-жылы Армения менен Түркия өз ара алаканы жөнгө салууну жана чек араларды ачууну көздөгөн макулдашууга кол койгон. Бирок бул макулдашуу ратификациядан өткөн эмес.

Учурда Түркияда 60 миңдей армян тектүү түрк жарандары жашайт. Жалпысынан өлкө боюнча 16 атайын орто мектеп армян тилинде билим берет. Армян диаспорасынын колдоосу менен "Агос" басылмасы да жарык көрөт. (ElB)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG