Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:24

АКШ Польшага, Румынияга жана Германияга үч миңдей жоокерин жөнөтөт


Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби. Архивдик сүрөт
Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби. Архивдик сүрөт

Кошмо штаттар Польша, Румыния жана Германияга үч миңдей жоокерин жөнөтөт. Пентагондун басма сөз катчысы Жон Кирби 2-февралда маалымдагандай, эки миңи АКШдан Польша жана Германияга барат, Германиядагы бир миң аскер Румынияга жайгаштырылмакчы.

Куралдуу күчтөрдүн жиберилиши “Путинге жана дүйнөгө” биз НАТОнун өнөктөштөрүн “коргоого даярбыз деген ишарат болмокчу”, - деп кошумчалады Кирби.

Коргоо министрлигинин өкүлү Вашингтон Орусиянын украин чегине армиясын тартканына байланыштуу келип чыккан кризисти чечүү үчүн дипломатиялык аракеттерди улантууга ачык деп белгиледи.

Өткөн аптада АКШ 8,5 миң жоокерин Европага аттанууга даяр болуп “күжүрмөн даярдыкка” келтиргенин билдирген.

Кирби сөз болгон чара убактылуу экенине басым жасоо менен бирге Европанын ичинде аскерлердин орун которуусу уланышы мүмкүн деп айтты.

Орусия Украина менен чек арасына 100 миңден ашуун аскерин жана техникасын топтогону, Москва кошуна өлкөгө кол салууну пландап жатат деген кооптонуу күчөдү. Кремл Украинага басып кирүүнү көздөйт деген дооматты четке кагып, бирок куралдуу күчтөрүн алып кетүү үчүн Батыштан “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылган. Москва Украина НАТОго кирбейт, орус чек арасына жакын жерлерге аскердик системалар орнотулбайт, блоктун күчтөрү Чыгыш Европадан алыстатылат деген шарттарды койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG